Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  27-чакырылган кезексиз XXVII (жыйырма жетинчи) сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы №174/XXVII-27

№7134,7135,7136,7137,7138 аймактык шайлоо комиссияларына талапкерлердин түзүмүн  жана резервге катталган тизмени бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары  жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү  жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы  5 жылдык  мөөнөт менен түзүлөт.

Аймактык шайлоо комиссиясынын  түзүмүнө  жана резервине коомдук бирикмелердин  чогулушу тарабынан талапкерлер болгондугуна байланыштуу, Ысык-Ата айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №7134,7135,7136,7137,7138 номерлүү аймактык  шайлоо комиссияларына талапкерлердин түзүмү жана  резерви №1,2,3,4 тиркемелерге ылайык  бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Ж.Чикеевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев