Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  27-чакырылган кезексиз XXVII (жыйырма жетинчи) сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы №175/XXVII-27

2019-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү  иштеринин аткарылышы жөнүндө 22-Элдик Курултайдын №1 чечимин бекитүү жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү 22-Элдик Курултайдын  №2 чечимин бекитүү жөнүндө

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин 2019-жылдагы аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчетун жана 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жамаатынын 22-Элдик Курултайында каралган Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин  2019-жылдагы аймакты социалдык—экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчету жана 22-Элдик курултайдын №1 чечими бекитилсин.

2. Ысык-Ата айылдык Кенешинин жамаатынын 22-Элдик Курултайында каралган Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевтин 2020-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы жана 22-Элдик Курултайдын №2 чечими бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Чикеевке жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Тиркелет: 22-Элдик Курултайдын  №1,№2 чечими.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев