Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  27-чакырылган кезексиз XXVII (жыйырма жетинчи) сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы №178/XXVII-27

Ысык-Ата  айыл аймагынын Норус айылынын Келечек, Ш.Айылчиев, А.Закиров көчөлөрүнүн ген.планын бекитүү жөнүндө

Ысык-Ата айыл аймагынын Норус айылынын Келечек, Ш.Айылчиев,А.Закиров көчөлөрүнүн ген.планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы “калктуу конуштардын аймагын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндөгү” №612 токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Норус айылынын Келечек, Ш.Айылчиев,А.Закиров көчөлөрүнүн ген.планы бекитилсин.

2. Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды макулдашуу жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев