Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  27-чакырылган кезектеги XXVI (жыйырма алтынчы) сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы №168/XXVI-27

Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын Осмонова кѳчѳсүнүн №б/н дарегинде жайгашкан ДЭУ-25 жол тейлѳѳ ишканасына таандык жумушчулар үйүнѳ жер тилкесин бекитип берүү жѳнүндѳ

Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын Осмонова кѳчѳсүнүн №б/н дарегинде жайгашкан ДЭУ-25 жол тейлѳѳ ишканасына таандык жумушчулар үйүнѳ жер тилкесин бекитип берүү жѳнүндѳ маселесин карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 32 –беренелеринин негизинде, Ысык-Ата айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын Осмонова кѳчѳсүнүн №б/н дарегинде жайгашкан ДЭУ-25 жол тейлѳѳ ишканасына таандык жумушчулар үйүнѳ 400 м.кв. ченеминде жер тилкеси мѳѳнѳтсүз колдонууга бекитилип берилсин.

2. КРнын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан мыйзам чегинде каттоо жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Т. Чолпонбаев