Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 27-чакырылган кезектеги XXVI (жыйырма алтынчы) сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы №170/XXVI-27

“Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22 –июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жѳнүндѳ типтүү жобо тууралуу” токтомунун негизинде Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 854 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун жерлерине Келечек планын түзүү жѳнүндѳ

“Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 22 –июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жѳнүндѳ типтүү жобо тууралуу” токтомунун негизинде Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 854 га Айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун жерлерине Келечек план түзүү жѳнүндѳ маселени карап,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 854 га Айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун жерлерине 5(беш) жылдык мѳѳнѳт менен Келечек планы бекитилсин. Мѳѳнѳтү: 2020-жыл 31-январынан 2025-жыл 31-январына чейин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев