Редакцияот 31.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин  27-чакырылган кезектеги XXVI (жыйырма алтынчы) сессиясы

 

2020-жылдын 31-январы №171/XXVI-27

Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдын жылдык планын бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибинин жетинчи маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы А.Жүндүбаев “Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга” жылдык планынын долбоору менен тааныштырды.Долбоору жактырылды жана күн тартибинин жетинчи маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдын жылдык планы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Жүндүбаевке жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Тиркелет: Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга  жылдык планы. 

 

Төрага

Т. Чолпонбаев

 

Ысык-Ата айыл аймагынын

жергиликтүү кеңешинин

депутаттарынын сессиясында

2020__жылдын “____” _____________

 «Бекитилген»

 

_______________________

МО

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ, ЫСЫК-АТА ОБЛУСУ

ЫСЫК-АТА РАЙОНУ, ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫ

 

ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА

ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ

2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА

 

 

ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ

2020-ЖЫЛГА

 

Ысык-Ата

2020-ж.

 

МАЗМУНУ

1.  КИРИШҮҮ  2

2.  ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ  2

2.1.           Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы   2

2.2.           Жер ресурстары   3

2.3.           Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат  4

2.4.           Айыл аймагы боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы   6

3.  МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ    10

3.1.           Быйылкы жылга шарттуу малдын башы   10

3.2.           2018-2021-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы   10

3.3.           Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык  11

4.  БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ    12

4.1.           Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү  12

4.2.           Даярдалуучу тоюттун көлөмү  14

4.3.           Тоют балансы   15

5.  КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН БААЛОО ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ЖПБ МУКТАЖДЫКТАРЫ    17

5.1.           Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи   17

5.2.           Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкаруу планы. 18

5.3.           Фокус топтордун жыйынтыктарынын негизинде ЖПБнын муктаждыктарын  баалоо анализи   22

6.  2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ    23

6.1.           2018 – 2022-жылдарга жайыттарды пайдалануу планы   23

6.2.           Беш жылдык иш-чаралардын планы жана бюджети   24

6.3.           Малдардын эпизотикалык абалы жана ден соолугун коргоо боюнча орто   мөөнөттүү беш жылдык планы   26

6.4.           Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча беш жылдык планы. 30

6.5.           ЖБПЖПнын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча беш жылдык планы   31

7.  ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ    35

7.1.           Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы   35

7.2.           Мал жайуунун жылдык календардык планы   37

7.3.           Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы) 41

7.4.           Малдардын ден соолугун коргоо боюнча жылдык планы*  42

7.5.           Жылдык иш-чаралардын планы   43

7.6.           Жылдык бюджет  43

7.7.           ЖБПЖПнын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча жылдык планы   43

8.  ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ   43

9.  МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК  43

10.            ТИРКЕМЕЛЕР   43

 

ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР

АА

Айыл аймагы

АӨ

Айыл өкмөтү

АРИС

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги

КӨЖЫ

Климаттын өзгөрүүлөрүнө жараша ыңгайлашуу

ВБ

Дүйнөлүк банк

ВП

Ветеринардык палата

МДСТ

Малдардын ден соолугун коргоо тобу

ЖД

АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти

ЖК ЖПБ

Жайыт комитети – ЖПБнын аткаруучу органы катары

БМ

Бодо мал

МБ

Мониторинг жана баалоо

ЖӨБ

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

ЖЖ

Жергиликтүү жамаат

АЧТММ

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

ЧДТ

Чакан долбоордук тобу

ЧДС

Чакан долбоордук сунуш

КЭ

Кой-эчки

СТФ

Сүт-товардык фермасы

АӨЭФ

ВФКМИРБ

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы

РАӨБ

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

ЖӨБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

АДИБ

АЧТММга караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

ЖПБ

Жайыт пайдалануучулар бирикмеси

МДК

Малдардын ден-соолугун коргоо

МРӨД

ЖБПЖП

Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы

ЖМБЖД

Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору

ЖУП

Жасалма уруктандыруу пункту

МДКП

Малдардын ден-соолугун коргоо планы

КЗ

Кургак зат

ШМБ

Шарттуу малдын башы

ЖВА

Жеке ветеринардык адис

 

КИРИШҮҮ

Ысык-Ата айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен 2018-2022 жылдардын мезгилине макулдашылган.

Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Пландын биринчи бөлүгүндө Ысык-Ата айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнүндө жалпы маалымат берилген.

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүү боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖБПЖПнын негизги бөлүгү болуп саналат.

Документтин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ЖБПЖПнын жүзөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча кеңири план чагылдырылган.

Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.

Ушул ЖБПЖП келечектеги орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.

 

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы

Негизинен Ысык-Ата өрөөнүнүн климаты жылуу климатка кирет июндун  орточо температурасы 21-250 С, август 25,60 С  түзөт орточо жылдык  жаан-чачындын саны 432 ммди  түзсө, 200мм же 46 % жаз мезгилинде, 75,5 мм же 17,2%. 82,6 мм же 17,2% кыш  айларында жаайт. Ысык-Ата айыл аймагында климат  жаз кеч  келип,  жай  өтө ысык болуп, өсүмдүктөрдүн  өсүшүнө  жакшы  шарт  түзүлөт. Эң суук күндөр январь, эң жылуу күндөр июль айларына туура келет. Абанын температурасынын абсолюттук минимуму январь -5,4,-6,00С  тан - 9,50 С ка чейин, ал эми абсолюттук максимум 440 ко чейин жетет.

Ысык-Ата А/А жалпы аянты 220,0 кв.м. Райондун борбору Кант шаарынан 35км,  Бишкек  ш. 50км. Жакынкы темир жол станциясынан  35 км., ал эми аэропорттон  90км, алыстыкта жайгашкан.  Ысык-Ата А/А 9 айыл бар. Алмалуу айылы айыл аймактын административдик борбору болуп саналат.

 

Калктын жана түтүндөрдүн саны тууралуу маалымат

1-таблица

Айыл тургундарынын негизги киреше булактары

2-таблица

Иш чөйрөсү

2018г.

Мал чарбачылык

50

Дыйканчылык

40

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү (соода, ж.б.)

10

БАРДЫГЫ:

100%