Редакцияот 02.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын  2-апрели № 57

Чапаев айыл аймагында бактарды кыюуга тыюу салуу жөнүндө

Чапаев айылдык кеңешинин төрагасы Р.Алманизовдун сүйлөгөн сөзүн угуп, Чапаев айыл аймагында дарак-бадал өсүмдүктөрүн коргоо жана сактоо, аларды пайдалууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 31 жана 36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 10-беренесине ылайык Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чапаев айыл аймагында атайын буйрутмага чейин бактарды кыюуга тыюу салынсын.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге  жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов