Редакцияот 06.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Барпы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2020-жылдын 06-февралы № 18/11

Сугат жер аянтын трансформация кылууга уруксат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512-токтомунун негизинде Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясынын кун тартибиндеги каралуучу Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Сыргабаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Пригород, Мин-Өрүк,Төөлөс,Курук-Сай,Төбөй айылдарынан 2009-жылдын 1-июлуна чейин турак жай курулуп кеткен жалпы 34,0 га сугат жер аянттарын айыл чарба категориясынан калктуу конуштар категориясына которууга (трансформация кылууга) уруксат берилсин.

2 Которууга уруксат берилген сугат жер аянттарынын тиешелүү документтерин даярдоо жагы барпы айыл өкмөтүнүн юристи С. Назаровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Барпфы айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Сыргабаевге калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

У. А. Абдыкулов