Редакцияот 19.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХ– сессиясы

 

2020-жылдын 19-февралы № 9

Могол айыл аймагындагы Чкалов айылына бала бакча ачуу жѳнүндѳ

Могол айыл аймагынын Чкалов айылынын Чкалов айылынын жашоочуларынын 13-февраль 2020-жылдагы жалпы жыйынынын токтому менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чкалов айылынын №28 А.Шеркулов атындагы орто мектебинин кошумча имаратына бала бакча ачууга уруксат берилсин.

2. Могол айыл аймагынын Чкалов айылынын жашоочуларынын 13-февраль 2020-жылдагы жалпы жыйынынын токтомунун негизинде №40 “Кимсан” балдар бакчасы ачылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков