Редакцияот 26.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы

 

2020-жылдын 26-февралы № 5

Сайдыкум айылдык Кеңешинин иш-планы жөнүндө

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХXII-сессиясы Кеңештин иш-планын угуп жана талкуулап.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планы кабыл алынсын.

2. Туруктуу комиссиялардын иш-планы Кеңештин иш-планынын негизинде даярдалсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн. 

 

Төрага

Б. Турсункулов

 

«БЕКИТЕМИН»

2020-жылдын “26”-февраль

Сайдыкум айылдык Кеңешинин

төрагасы: ________ Б.Турсункулов

Сайдыкум айылдык Кеңешинин 2020-жылга

ИШ-ПЛАНЫ

№

 Маселелер

Аткаруучу, А\А жооптуу

 адиси

Маселе боюнча жооптуу А\Ктин туруктуу комиссиясы

 Мөөнөтү

Эскертүү

 

Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана

 аткаруу

 

 

 

 

1

Айылдык Кеңештин 2020-жылга карата иш-планын талкуулап, бекитүү

А/К төрагасы

А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар

I квартал

 

2

2020-жылга жергиликтүү бюджетти кабыл алуу жана бекитүү

А/Ктин сессиясы

А.Ирисов,Бюджет, жана экономикалык пландоо боюнча туруктуу комиссия.

I квартал

 

3

2019-жылда жергиликтүү бюжеттин аткарылышы боюнча ФЭБтин башчысынын отчетун угуу

ФЭБтин башчысы,

А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар

I квартал

 

4

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭбтин башчысынын 2020-жылдагы 6 айлык отчетун угуу

ФЭБтин башчысы,

А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар

III квартал

 

5

Аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу

 

 

 

 

6

Айыл аймактын 2019-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2020-жылга каралган иш-чаралар жөнүндө Айыл Өкмөттүн башчысынын отчетун угуу

Айыл Өкмөттүн башчысы

А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар

I квартал

 

7

Сайдыкум жайыт комитетинин 2019-жылга аткарган иштери жана 2020-жылга карата иш-пландарын карап, бекитүү

Жайыт комитетинин төрагасы

А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар

I квартал

 

8

Аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардан инвестиция тартуу

А/Атын соц адиси жана юристи

А\К төрагасы, туруктуу комиссиялар

 II квартал

 

9

Региондорду өнүктүрүү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата,айыл аймагындагы балдарга карата зордук зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө угуу

Айыл өкмөтүнүн соцадиси

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия

III-квартал

 

10

Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу

 

 

 

 

11

Калктуу конуштардагы курулмаларды курууда архитектууралык ченемдердин жана эрежелерин сактоо боюнча алып барылып жаткан иштерди кароо.

А\Өнүн айыл чарба боюнча башкы адис-жер адис

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия

 

 

12

Мамлекеттик фондунун жерлерине түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайра карап чыгуу сарамжалуу жана эффективдүү пайдаланууга көмөк көрсөтүү жана көзөмөлдөө.

А\Өнүн айыл чарба боюнча башкы адис-жер адис

Айыл чарба,курулуш,транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссия

II квартал

 

13

Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу.

 

 

 

 

14

Укук бузуулардын алдын алууда, аракечтикке жана бангилике каршы күрөшүүдө участкалык милициянын жүргүзгөн иштерин угуу.

ПОМдун башчысы,участкалык инспеторлор

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия

II квартал

 

15

Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү

 

 

 

 

16

Аймактагы мектептердин жана балдар бакчаларынын имараттарынын ремонту жана кышка карата даярдыктарын көзөмөлдөө.

Айылдык Кеңеш,Айыл өкмөтү

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология боюнча туруктуу комиссия

III квартал

 

17

Ыксыз чыгымдарды жана ашыкча каада салттагы ысырапкерчиликтин жана салттуу эмес диний агымдардын алдын алуу

 

 

III квартал

 

18

Ыксыз чыгымдарды жана ашыкча каада салттагы ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча иш чаралардын аткарылышы боюнча маалыматты угуу

Айыл өкмөтүнүн орун басары

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия

IV квартал

 

19

Салттуу эмес, экстремисттик диний агымдардын таасирин азайтуу жана жаштардын арасында туура исламды түшүндүрүү иштери боюнча маалымат угуу

А\Өнүн башчысынын орун басары, имамдар, участкалык инспекторлор

Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссия

IV квартал

 

20

Айыл аймагында өтө коркунучтуу жугуштуу оорулардын бири Короновирус (COVID-19) оорусун алдын алуу жана бул илдеттин жайылышына жол бербөө боюнча көмөк көрсөтүү жана көзөмөлдөө

Айылдык Кеңеш,Айыл өкмөтү

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология боюнча туруктуу комиссия

II-квартал