Редакцияот 28.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАКСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

 

2019-жылдын 28-июну № 4

Талдуу-Булак айылөкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсү жөнүндө

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылда өткөрүлүүчү Эл жана турак-жай фондун каттоо өнөктүгүнө карата айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчөлөрдү тактоо, турак-жайларга катар сандарды орнотуу максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30,0 (отуз) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин..

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн. 

Төрага

Б. Матишев