Редакцияот 1087560
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 21-майы № 1 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсү жөнүндө

 2021-жылдын 11-апрелиндеги Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.    2021-жылдын 11-апрелиндеги Нарын шаардык Кеңешине 7 (жети) фракциядан шайланган 31 депутаттык ыйгарым укуктары анык деп табылсын.

 

Төрага

С.Кудайбергенова