Редакцияот 1087562
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ   КЕЗЕКТЕГИ  I СЕССИЯСЫ

 

 

2021- жыл дын 21-майы № 1

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө  

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 37-беренесин  жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 27-главасын  жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “Ынтымак” коалициясынын чечимине жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын сунушунун  негизинде Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирген эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы №2 протоколуна ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 1-уюштуруу сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколдорунун чечимдери бекитилсин.

2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп, “Ынтымак” көпчүлүк коалициясынан “Ордо” фракциясынын  депутаты    Молдосалиев  Автандил  Жыргалбаевич  Нарын  шаардык  Кеңешинин  1-уюштуруу сессиясына катышкан 31 (отуз бир)  депутаттын 18 (он сегизинин)  добушун алгандыктан,  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп  шайланды.

 

Төрага

С.Кудайбергенова