Редакцияот 1087576
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVII  чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясынын

2021-жылдын 19-февралы № 36/1

 

Катышты: 7 айылдык кеңештин депутаты.

Күн тартибиндеги маселе:

 

Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Табышов Алмазбектин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө.

Жогорудагы кайрылууну карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин   XXVII  чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагындагы Кызыл-Жылдыз айылында курула турган күрөш залына М. Иманалиев атындагы орто мектебинин жер аянтынан тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.  Кызыл-Жылдыз айылында курула турган күрөш залынын тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Өмүров