Редакцияот 1087584
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 4/3

Жалгыз-Терек айылындагы ичүүчү таза суусунун күйүп кеткен насосуна акча каражатын кароо жөнүндө.

 Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылынын тургундарынын 2021-жылдын 12-июлундагы жазган кайрылуусу, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Сыдыгалиевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  01-январь 2021-жылдын башына калган калдык акча каражатынан төмөндөгү статьяга ылайык каралып берилсин:

22221100 – 60 000 сом (алтымыш миң сом).

Жалпы сумма: 60 000 сом (алтымыш миң сом).

2.  Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча которуп берүү жага Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Амановага тапшырылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жерге-Тал айыл өкмөттүн башчысы К.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Турганалиев