Редакцияот 1087588
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын III кезекүү сессиясы

2021-жылдын 29-июну № 3/1

 

Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы №5 токтомун бекитип берүү жөнүндө.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевдин билдирүүсү жана жайыт пайдалануучулардын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын III кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы №5 токтому бекитилсин.

2.  Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу «Кыргоо» участкасына Жумалиев Ишенбай, «Тешик» участкасына Сарбашов Жумабек 2021-жылдын 1-октябрына чейин корукчу болуп дайындалсын.

3.  Ар бир корукчуга бир үйүр жылкы жана беш баш саан уй кармоого уруксаат берилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Турганалиев