Редакцияот 1087604
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин   XVII  чакырылышындагы II кезектеги   сессиясы

 

 

2021-жылдын 4-февралы № 04

      

Достук  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы 2021-жылга бюджеттин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бɵлүгүн  2022-

2023-жылдарга  долбоорун бекитүү тууралуу

                                                                              

     Достук  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы 2021-жылга бюджеттин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бɵлүгүн  2022-2023-жылдарга  долбоорун бекитүү боюнча Достук  айыл өкмөтүнүн  башчысы М.Сейдилдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айылдык кенешинин   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2020- жылдын бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.

2. Достук  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 4336,2 мин сом көлөмүндө,атайын каражаттар 180,0 мин сом жалпы 4516,2 мин сом көлөмүндө бекитилсин.

 3. Бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

-бирдиктүү киреше салыгы  3410,0 мин сом

-патент 35,0 мин сом

-мүлк салыгы 61,8 мин сом

-транспорт салыгы 103,0 мин сом

-короо алдындагы жер салыгы 5,3 мин сом

-айыл чарбасында эмес жер салыгы 175,0 мин сом

-тазалык жыйым 23,5 мин сом

-тендештирилген грант 522,6 мин сом.Бардыгы 4336,2  мин сом

-атайын каражат 180,0 мин сом

4. Бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Башкаруу аппаратына 2909,8 мин сомго

Маданиятка бөлүмүнө 338,6  мин сом

Билим берүү бөлүмүнө 1267,8  мин сом

Башкаруу аппаратынын штаттык бирдиги негизги кызматкерлер  8 штат,кичи кызмат 2 штат

Маданият бөлүмү  3 штат  негизги 2 кичи кызмат 1 адам.

      5. Достук  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга болжолдуу киреше бөлүгү 4741,2 мин сом көлөмүндө 2023-жылга болжолдуу киреше бөлүгү 4860,0  мин сом көлөмүндө бекитилсин.

      6. Атайын  каражатка ата-энелерден  тамак ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бөлүгү180,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

      7. Тиешелүү документтерди даярдап  жана токтомдун аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы  айыл өкмөтүнүн  финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага кирешелердин түрлөрү боюнча планды аткаруу  салык адиси Садырбекова Фаридага жүктөлсүн.

 

      Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       К.Өмүрканов