Редакцияот 31/03/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХIX сессиясы

 

2021-жылдын 31-марты № 29/1                                                     

Чет-Нура айылдык кеңешинин 2021-жылга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү, айыл чарба багытындагы жерлерди ирээтке келтирүү, ишембилик кылуу жөнүндө

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагынын карамагындагы ар бир айылдын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорун угуп, талкуулап,

 Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  ХХIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айылдык кеңешинин 2021-жылга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү, айыл чарба багытындагы жерлерди ирээтке келтирүү, ишембилик кылуу жөнүндө ар бир айылдын жалпы элдик чогулушунун токтомдору бекитилип иш алып барылсын.

Орто-Саз айылынын тургундарынын 30.03.21-жылдагы №2 протоколу

Ак-Кыя айылынын тургундарынын 30.03.21-жылдагы №1 протоколу

Чет-Нура айылынын тургундарынын 29.03.21-жылдагы №1 протоколу

Орто-Нура айылынын тургундарынын 29.03.21-жылдагы №1 протоколу

Ак-Булуң айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу

Ийри-Суу айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу

Төш-Булак айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу

2. Ар бир айыл башчы өздөрүнүн айылдарынын жалпы тургундарынын чоглушунудагы элдик токтомун аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып барышсын.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                        Т.Сыдыкбеков