Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз  сессиясынын

2021-жылдын 18-августу № 5/3

Жерге-Тал айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине окуу жылга карата ремонт иштерине 01-январь 2021-жылдын башына калган калдык акча каражатынын эсебинен акча каражатын карап берүү жөнүндө.

Жерге-Тал айыл аймагынын билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин  билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын V кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 01-январь 2021-жылдын башына калган калдык акча каражатынан төмөндөгү статьяга ылайык каралып берилсин; 2221 – 50 000 сом (элүү миң сом). Жалпы сумма: 50 000 сом (элүү миң сом).

2. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча которуп берүү жага Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Сыдыгалиевге тапшырылсын.

3. Бул токтомду аткаруу Жерге-Тал айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Турганалиев