Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясынын

2021-жылдын 18-августу № 5/4

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын V кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү» программасынын алкагында Жерге-Тал айыл өкмөтү менен түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин.

2.Жогорудагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн аракеттерди көрүү жана ишке ашыруу Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы К.Сыдыгалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

М. Турганалиев