Редакцияот 16.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын

2021-жылдын 16-июлу №4/1

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган каражаты пайдалануу жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражатын пайдалануу боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнун башчысы Бектемиров Авас Турдубаевичтин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 197,1 миң сом көлөмүндө бекитилсин.

2.Аталган сумма төмөндөгү статьяга жумшалсын.

-Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан билим берүү жана маданий мекемелердин 2021- 2022-кышкы от жагуу сезонуна көмүр алууга бөлүнүп берилсин.

3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Кадырбеков