Редакцияот 21/01/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 53- сессиясынын

2021-жылдын 21-январы № 53/2

 Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган бюджеттик жана атайын каражатты пайдалануу жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жыл башында калган бюджеттик жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша белугун талкуулап, Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

1 .Дөбөлү  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 3145,8   мин сом көлөмүндө бекитилсин.

2.Аталган сумма төмөндогү статьяларга жумшалсын.

-Күйүүчү май алуу учун айыл өкмөтүнө 100,0 мин сом, мектептерге 30,0 мин сом;

-Автотетиктерди алуу үчүн айыл өкмөтүнө 70,0 миң сом, Токтосунов орто мектебине 50,0 мин сом, Алыш орто мектебине 20,0 мин сом;

-Компьютерлерди ондоо ,информациалык кызматтар учун 50,0 мин сом;

— Ар кандай иш чараларды уюштурууга 100,0 мицң сом;

-жолбун иттерди атууга 10,0 мин сом,

-турак-жай камсыздандырууга 17,5 мин сом;

-Өзгөчө кырдаалдар үчүн 100,0 мин сом;

-Башка кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөр 245,0 миң сом;

-Имараттардын учурдагы ремонтуна 110,0 миң сом;

-Курулмалардын учурдагы ремонтуна 60,0 миң сом;

-Инвентарь алууга 60,0 миң сом;

-майда чарбалык буюмдар жана канцеляриялык товарларды алууга 100,0 миң сом;

-Көмүр алууга 130,0 миң сом;

-Электр энергиясынын төлөмүнө 200,0 миң сом;

-Курулмалардын капиталдык ремонтуна 380,0 миң сом;

-АРИС проектисинин көмөгү менен «Небере келечеги»балдар бакчасынын курулушуна

өздүк салым үчүн 651,3 миң сом;

-Имараттардын капиталдык ремонтуна 115,0 миң сом

-Мебель алууга 195,0 миң сом;

-Дөбөлү клубуна музыкалык аппаратура алууга 100,0 миң сом;

-Компьютердик жабдууларды алууга 252,0 миң сом;

Бардыгы 3145,8 миң сом.

3.Дөбөлүайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинде жыл башына калган атайын каражаттын киреше жана чыгаша  бөлүгү 97,3 миң сом көлөмүндө бекитилсин.

 

4.Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.

-“Аруу тилек” балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга

66,6 миң сом;

-“Небере” балдар бакчасынын тамак-аш алуудан карызын жабууга 26,0 миң сом;

-“Бала нур” балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга 4,7 миң сом;

5.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу

жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы

Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Уланбек уулу Ж.