Редакцияот 13.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын VI сессиясы

 

2020-жылдын 13-июлу № 1

«Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл башындагы калган акча каражатынан коронавирус илдетинин 3 этабына даярдык көрүү үчүн К.Рысмендиев орто мектебинин жылуулук системасына кошумча лимит үчүн акча каражатын кароо жөнүндө»

Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл башындагы калган акча каражатынан коронавирус илдетинин 3 этабына даярдык көрүү үчүн К.Рысмендиев орто мектебинин жылуулук системасына кошумча лимит үчүн акча каражаты төмөндөгү статьяга чыгымдоо жагын карап чыгып,сметасы түзүлүп каржылансын.

2217ст. – 30 000 сом.           

2231ст. - 20 000 сом

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Тентимиш уулу  А