Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Депутаттардын  XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги II-сессиясы

 

2021-жылдын 10-июну № 3

Чабандарды Ак-Сай жайлоосуна көчүрүү жана Ак-Кудук айылдык кенешинин  2021-жылдын 2-мартындагы № 1/8 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Кудук айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Кудук айылдык кенешинин  2021-жылдын 2-мартындагы № 1/8 токтомунун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.

- Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.

Кой-эчки үчүн 40 сом

Бодо мал-300 жана бука – 350 сом менен чечиди.

2. Ак-Сайдагы УДП жерин толук өзүбүз пайдалануу үчүн, ички жайыттарды эс алдырууга калтырып, майда малдар толук Ак-Сайга көчүрүлсүн.

3. Айыл ичиндеги чабыр малдарды багуу үчүн айыл башчысы тарабынан иш чара уюштурулуп, ирээтке келтирилсин.

4. Ар бир түтүндөн 4,5 чабыр мал алып калууга уруксаат берилсин.

5. Ак-Сай жайлоосуна  көчпөгөн чабандарга бузуулар боюнча  кодекстин негизинде айып пул салынсын.

6. Бул токтомдун аткарылышы  айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Кадиева