Редакцияот 13/10/2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 49- сессиясынын

2020-жылдын 16-октябры № 49/2

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча сметасын бекитүү жөнүндө

        Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча смета киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнун башчысы У.С.Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы

                                                                                                                                                                                               токтом кылат:

        1 .Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетине кошумча смета киреше жана чыгаша бөлүгү 500,0 миң сомго бекитилсин,акча каражаттары төмөндөгү чыгымдарга бөлүнүп берилсин:

       -Дөбөлү клубунун жылуулук системасын оңдоо жана эшик-терезелерин алмаштырууга дем берүүчү (үлүштүк) грант менен капиталдык оңдоо иштерине өздүк салым үчүн 257,9 миң сом;

       -Башка чарбалык чыгымдарды төлөө кызматтары үчүн 71,2 миң сом.,

      - Дөбөлү клубунун жылуулук системасы үлүштүк гранттын эсебинен оңдолуп, ишке киргендигине байланыштуу көмүр сатып алуу үчүн 84,9 миң сом,

      -«Түндүк» системасынын кызматын,»Электрондук өкмөт», казына , электрондук сатып алуулар кызматтарын пайдаланууга  интернет байланыш кызматынын төлөмдөрүнө 20,0 миң сом,

      - Клубдун учурдагы ремонтуна 36,0 миң сом,

      - Компьютер алууга 30,0 миң сом

        2.Тиешелүү документтерди даярдап, жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Уланбек уулу Ж.