Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу №44/3

Аймактык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнө наам берүү жөнүндө

Кочкор айылдык кеңешинин кезексизXXXXIV-сессиясы, Кочкор аймактык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнүн 16.08.2019-жылдагы №214 сунушун жана эмгек жамаатынын чогулушунун №21 токтомун карап, Кочкор айыл кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор аймактык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнө көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана көрсөткөн ийгиликтери үчүн, мурунку дарылоо бөлүмүнүн башчысы кардиолог дарыгер маркум Молдокмат Данияровдун наамы берилсин.

2. Аймактык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнө  дарыгер маркум Молдокмат Данияровдун аты коюлган табличка илдирүү иштерин уюштуруу жагы Кочкор  аймактык ооруканасынын директоруна тапшырылсын.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков