Редакцияот 18.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылды кеңешинин кезексиз XXXXV сессиясы 

 

2019-жылдын 18-сентябры №45/1

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXX-cессиясынын 40\8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кочкор райондук прокуратурасынын  №11-92а-19 сандуу Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 09.04.2019-жылдагы № 40\8 токтомуна карата каршылык билдирүүсүн карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор райондук прокуратурасынын №11-92а-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-апрель 2019-жылдагы  «Кочкор райондук Таза Суу муниципалдык ишканасынын аталышын өзгөртүү жөнүндөгү» № 40\8  токтому жокко чыгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков