Редакцияот 18.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз  XXXXXIV сессиясы 

 

2020-жылдын 18-майы №54/3

Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 30-мартындагы  №186 буйругунун негизинде, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик  администрациясынын 13-апрель 2020-жылдагы № 638-катын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Учурдагы , COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга кийинкиге жылдырылсын.

2.Токтомду аткаруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн салык инспектору боюнча адистерине тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков