Редакцияот 18.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз  XXXXXIV сессиясы 

 

2020-жылдын 18-майы №54/6

Ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү коюу жөнүндө

Кочкор айыл аймагына караштуу Ш.Акматов көчөсүнө ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин коюу жөнүндөгү маселесин карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагына караштуу  Ш.Акматов көчөсүнө ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү коюуга уруксаат берилсин.

2.Ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин орнотуу боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт автожол башкармасы Д.Алканов атындагы №955 жол тейлөө мекемеси менен макулдашып иш жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков