Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштынын XXXXXI сессиясы

 

2020-жылдын 19-июну №51/3

Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБне акча каражат которуу жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ак-Муз айыл аймагынын өкмөтүнүн бюджетинен мектептин спорт тармагына бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын ичинен 82 190 (сексен эки миң бир жүз токсон) сом акча каражаты “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБнин ар кандай чыгымдарына  которулуп берилсин. 

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага

У.Мокешов