Редакцияот 06.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы 

 

2020-жылдын 6-марты № 101

Ак-Жар  айыл  аймагынын  тургуну  Мукаш уулу Женишбектин  арызын кароо жөнүндө

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын  тургуну   Мукаш уулу Женишбектин  «Ак-Сай»  өрөөнүндөгү«Боз Айгыр-2» участкасына мал багып жайлоо үчүн  жер сурап  жазган  арызын карап  жана талкуулап  Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ак-Жар айыл  аймагынын «Ак-Сай»  өрөөнүндөгү«Боз Айгыр-2» участкасынан эски сарайдын  ордуна 0,10га жер  аянты  мал  багуу үчүн сарай салууга   уруксаат  берилсин.

2.  КР нын жер кодексине ылайык  жер аянтын жеринде барып  чектерин аныктап    тиешелүү  документер менен  камсыз кылуу жана келишим  түзүү  Ак-Жар айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн башкы адиси  Ж.Жунусовго жана  Табылды кызы Айжамалга  милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко  милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине  киргизүү айыл  өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э.Осмонов