Редакцияот 27.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы

 

2020-жылдын 27-майы № 114

Ак-Жар айыл аймагынын тургуну А.Кыргызбаевдин арызын кароо жөнүндө

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын тургуну А.Кыргызбаевдин Ак-Жар айылдык Кенешине жазган арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ак-Жар айыл аймагынын К.Абдраев көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан паркка Ак-Жар айыл аймагынын тургуну оруктун катышуучусу маркум Кыргызбаев Өмүракун атанын аты берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин

 

Төрага

Э.Осмонов