Редакцияот 02.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХXVII-   чакырылышынын депутаттарынын кезексиз  2- сессиясы 

 

2020-жылдын 2-марты №2

Жан-Булак айыл аймагында “Жан-Булак” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

Жан-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жан-Булак” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Жан-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жан-Булак айыл өкмөтүнүн алдында жаңы “Жан-Булак” муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып,  макулдук берилсин.

Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шеримбековго тапшырылсын.

Бул Токтомдун аткарылышын камсыздоо  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шеримбековго милдетендирилсин.

Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Тɵрага:

Т.Бекбоев