Редакцияот 04.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштынын XXXXX сессиясы 

 

2020-жылдын 4-июну №50/2

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Абдылдаев Болотбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш планы бекитилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга жалпы бюджети 394 300 сом деп бекитилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

-131 433 сом жайыттарды жакшыртууга;

-65 520 сом жайыт жер үчүн жер салыгы;

-78 000 сом төраганын айлык акысына;

-66 000 сом бухгалтердин айлык акысына;

-24 840 сом 17,25% соц.төлөмгө;

-22 307 сом ГСМге;

-5 000 сом концелярдык товарга;

-1 200 сом банктын төлөм акысына;

3. 2020-жылга 1 (бир) баш бодого 50 сом, сырттан келген бодого 100 сом, 1 (бир) баш кой-эчкиги 10 сом, сырттан келген кой-эчкиге 20 сом деп бекитилсин, токой чарбанын жеринен пайдалангандар жайыт акынын 70% төлөсүн.

 4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,

 www.ak-muz- aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын

 Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын

 облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн

 башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага

У.Мокешов