Редакцияот 04.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштынын XXXXX сессиясы 

 

2020-жылдын 4-июну №50/3

Ак-Муз айылынын тургуну Өмөрбаев Садык  жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ак-Муз айылынын тургуну Өмөрбаев Садык үлүш жерин иштетүүгө мүмкүнчүлүгү   жок жакыр үй-бүлө деп табылсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага

У.Мокешов