Редакцияот 26.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 44- сессиясы 

 

2020-жылдын 26-марты №44/1

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган каражатты өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштерине   пайдалануу жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүн талкуулап,Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 41 ,0   миң сом көлөмүндө бекитилсин.

2. Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.

-Күйүүчү май алууга 10,0 миң сом;

-башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 6 ,0 миң сом,

-Өзгөчө кырдаал учурунда кийилүүчүү атайын коргоочу кийимдерди жана башка инвен-

тарларды алууга 5,0 миң сом бөлүнсүн.

-Өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине пайдаланылуучу чарбалык буюмдарды жана

санитардык -гигиеналык каражаттарды сатып алууга 20,0 миң сом.

Бардыгы 41 ,0 миң сом.

3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Уланбек уулу Ж