Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин  XVII чакырылышындагы II кезексиз  сессиясы

 

2020-жылдын 4-февралы № 04

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жɵнүндɵ

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Достук айыл аймагындагы №4056  участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Нарын районунун Достук айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Нарын районунун Достук айыл аймагындагы № 4056  участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келиптүшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар № 4056 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)

Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

 

К.Өмүрканов