Редакцияот 04.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы V кезексиз сессиясы 

 

2020-жылдын 4-февралы № 06

Достук айыл аймагындагы жергиликтүү салыктардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылыштагы V кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Достук айыл аймагынын жергиликтүү салыктардын төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

 1. Достук айылына келип иштеген жеке фирмалар тазалык салым жыйынына киши башына айына -100сом, ичүүчү таза сууга – 10 сом тɵлɵɵ жагы белгиленсин.

 Ат-Башы ГЭСтин 1 жылга төлөнүүчү тазалык жыйымы киши башына -100 сом  өлчөмүндө бекитилсин.

 2. Бир жылга түтүн башына тазалык жыйымы -100сом

 Айына суу жыйымы салыгы жан башына - 5 сом

 3. Айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо туруп, бирок убактылуу жашабагандарга  тазалык жыйым жана таза суу салыгына 100% женилдиктер берилсин.

 

Ушул кирешелер 2020-жыл ичинде өндүрүлүп кириштелсин.

 

Төрага

 

К.Өмүрканов