Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXX сессиясы

 

2019-жылдын 26–декабры № 30/3

Айыл өкмөтүнүн аппаратынын типтүү структуралык штатын 2020-жылга карата бекитүү жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн аппаратынын типтүү структуралык штатын 2020-жылга карата түзүлгөн боюнча Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы-эсепчи Усубалиев Адылдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата аппаратынын типтүү структуралык штаты түзүлгөн боюнча бекитилсин.

2. Бекитилген айыл өкмөтүнүн аппаратынын типтүү структуралык штатын көзөмөлдөө айыл өкмөттүнүнбашчысы А.Карбозовго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Токтомушов