Редакцияот 10.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXII сессиясы 

 

2020-жылдын 10-апрели №52/4

Кочкор айыл өкмөтүндө 2020-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелери жана тарифтери жөнүндө

 Жайыт комитетинин Кочкор айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелерин жана тарифтерин бекитүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт акылары жайыт акы жайыт пайдалануучулардан алына тургандыгы белгиленсин. (малчы, бадачы). Жайыт акыны 2019-жылдын октябрь айына чейин толук чогултуп бүткөрүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.

2.Малдын түрүнө жараша алынуучу акы төмөндөгү тартипте бекитилсин:

Бир баш бодого шарттуу саны 1 -70 (жетимиш) сом

Бир баш жаш бодого шарттуу саны 0,7 – 50 (элүү ) сом

Бир баш кой, эчкиге шарттуу саны 0,2 – 15 (он беш) сом

Бир баш топозго шарттуу саны 1 – 240 (эки жүз кырк) сом

Башка айыл өкмөтүнөн алынган малга жайыт акысы 2,5 эсе өлчөмүндө алынат жана эмделгендиги тууралуу маалымат кагаздары менен биргеликте алынат.

 3. Малчынын эмгек акысы:

Бир баш бодого-300 (үч жүз) сом

Бир баш кой, эчки-40 (кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин:

 4. Койду кыркуу акысы :

Бир баш койго – 40 (кырк) сом.

 5.Көчүү конуу режимдери төмөндөгүдөй тартипте жөнгө салынсын:

Жалпы ички жайыттар жана Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнүндөгү жайыттар жай мезгилинде (июнь айынан баштап октябрь айына чейин) жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныгууга калтырылсын. Жакынкы жайытты пайдалангандыгы учун өзү билемдик менен малын чыгаргандарга 4 – категориядагы айып пул салынсын.

7. Жазгы жайыттарга көчүү мөөнөтү 10 -апрелге чейин, Жазгы жайыттардан алыскы жайыттарга отуруу май айынын аягынан баштап 10- октябрына чейин белгиленсин. Ал эми Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнү боюнча 1-июндан баштап 10 –сентябрга чейин белгиленсин.

8. Жайыттарды, чабындыларды, айдоо жерлерди белгиленген режимин бузуу учурлары катталган учурда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык төмөндөгүдөй чаралар көрүлөөрү жайыт пайдалануучуларга эскертилсин:

Жайыт комитетинин талабын аткарбай алыскы жайыттарга көчпөсө, жайлоодон эрте түшсө жана жайыт акысы менен мурунку жылдар учун эсептешпей, жайыт билетин узартпай кетсе жайыт берилбейт жана 4- категориядагы айып салынат.

Башка айыл өкмөттөрдүн жашоочуларынын (каттоосу башка айыл өкмөтүндөгү) малдарын жана малдарын толук каттатпагандарга 4- категориядагы айып салынат.

Малдарын эгинге, айдоо аянттарына, чөпкө, жайыттарды которуштуруп пайдаланууга калтырылган жерлерге киргизип же жайлоодон эрте түшүп тартипти бузгандарга салынуучу айыптардын өлчөмдөрү :

 Бодо малдын башына:

 -Бодого биринчи жолу 2-категория; жеке адамдар үчүн-30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-130 эсептик көрсөткүч;

 -Бодого экинчи жолу 3-категория;жеке адамдар үчүн-55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-170 эсептик көрсөткүч;

 -Бодого үчүнчү 4-категория; жеке адамдар үчүн-75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-230 эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынат:

 -Кой-эчкиге айыптын өлчөмү:

 -Кой, эчкиге беш башка чейин – 1-категория; жеке адамдар үчүн-10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-50 эсептик көрсөткүч;

 -Кой, эчкиге беш баштан 50 башка чейин - 2-категория; жеке адамдар үчүн-30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-130 эсептик көрсөткүч;

 -Кой, эчкиге 50 баштан 100 башка чейин - 3-категория; жеке адамдар үчүн-55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн -170 эсептик көрсөткүч:

 9. Эгиндерге, чөп чабындыларга келтирилген чыгымдын ордулары зыян тарткан тарапка малдын ээсинен же күнөөлүү тараптан толук өндүрүлүп берилет.

10.Бул токтомду Эмгек-Туусу газетасына жарыялоо, малчылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин

 

Төрага:

Т.Ж.Балкыбеков