Редакцияот 09.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 5 - кезектүү сессиясы

 

2019-жылдын 9-октябры № 5

  Жаңы-Күч  айылынын  Ж.Кайыпов  орто  мектебинин  бир  классын  ремонттоо  жөнүндө

Ж.Кайыпов  атындагы  орто  мектебинин  информатика кабинетин класс  кылып даярдоо үчүн ремонтуна жана  кошумча  корпустагы  информатика  кабинетинин терезесин  темир  тор  менен  тосуу   максатында, айылдык  Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ж.Кайыпов  атындагы  орто  мектебинин  информатика кабинетин  класс  кылып даярдоо үчүн  ремонтуна  жана  кошумча  корпустагы  информатика  кабинетинин  терезесин  темир  тор  менен  тосуу   үчүн  айыл  өкмөтүнүн  бюджетинен  4745 сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.Ремонтко  бөлүнгөн 4745 сом  акча  каражатын  тиешелүү  жерге  которуп

жана тендерге жарыялоо  жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Э.Керималиевага  жүктөлсүн.

3.Бул  токтомду  көзөмөлдөө жагы   айыл өкмөтүнүн  башчысы  Р.Докоевго тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов