Редакцияот 15.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеӊешинин V чакырылышынын  VI кезектеги сессиясы 

 

2019-жылдын 15-ноябры №33

“Кызыл туу” газетасынын кайра иштешине колдоо көрсөтүү жөнүндө

     Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынын 13.11.2019-жылдагы №01-22/1357 катынын негизинде, Баткен районунун райондук газетасы болуп эсептелген “Кызыл туу” газетасынын кайра иштешин жандандыруу максатында жасалып жаткан аракеттер жөнүндө Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун баяндамасын угуп жана талкуулап   Ак-Татыр  айылдык  кеӊеши

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айылдык кеӊеши   “Кызыл туу” газетасынын райондук газета катары иштеп турушун колдойт.    

2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын атынан” Кызыл туу “ газетасынын иштеши жөнүндө жогорку органдардан өтүнүү жагы  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

 

Зарматова З.