Редакцияот 28.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2020-жылдын 28-февралы № 1

Исфана шаарынын мэринин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету

Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевдин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчётун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Исфана шаар мэри А.Н.Хамраевдин 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

2.    Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевге милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин фракция лидерлерине жана туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Б.И.Тагаев 

 

Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын

28-февралындагы кезектеги XXX сессиясынын

 № 1 токтомуна тиркеме.

 

Исфана шаарынын 2019-жыл ичинде социалдык-экономикалык жактан

өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча

ОТЧЕТУ

 Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү №1 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №368 “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу” жөнүндөгү токтомун негизинде 2018-2020-жылдарга Исфана шаар мэриясынын өнүгүү программасынын 2019-жыл ичинде Исфана шаар мэриясы бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер жүргүзүлдү.

Жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №3-токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2019-жылга карата өнүгүү программасынын ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү:

 

Исфана шаар мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн 2019-жыл ичинде аткарылышы жөнүндө маалымат:

 

Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирдиги

2018 -жыл. ичинде аткар.

2019 жыл. ичинде аткар.

айырма (+,-)

% мн

Өнөр жай продукция

млн. сом

102,7

108,7

+60,2

105,9

Айыл чарба

млн. сом

1031,1

1080,2

+49,1

104,8

Чекене соода жүгүртүүнүн

млн. сом

2458,9

2550,0

+101,0

103,7

Элге кызмат көрсөтүү

млн. сом

298,9

366,7

+67,8

122,6

Капиталдык салымдардын көлөмү

М лн. сом

190,3

163,1

-27,2

85,7

Бардыгы:

 

4081,9

4268,7

+186,8

104,6

    

Өнөр-жай продукциясы боюнча: 2019-жылдын жыйынтыгы менен 108,7 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105,9%га аткарылган, өткөн жылга салыштырмалуу 60,2 сомго көп аткарылган.

 

Айыл чарбасы боюнча: 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1080,2 млн сомду түзүп же өткөн жылга салыштырмалуу 49,1 млн. сомго көп аткарылып, өсүү темпи 104,8 % ды түздү.

Чекене соода жүгүртүү: 2019-жыл ичинде 4993,4 млн.сомго аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 121,9 млн. сомго көп же өсүү темпи 102,5 %га камсыз болгон.

Элге кызмат көрсөтүү: боюнча 2019-жылдын жыйынтыгы менен 366,7 млн сомго аткарылып же өткөн жылга салыштырмалуу 67,8 млн. сомго көп кызмат көрсөтүлүп, өсүү темпи 122,6% ды түздү.            

Капиталдык салым: 2019жылдын жыйынтыгы менен 163,1 млн сом 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 190,3 млн сом айырмасы -27,2 млн сом.

 

2019-жылга шаардын өнүгүү планында 38 иш-чара камтылып, а.и. 32 иш-чара 91875,3 миң сомго аткарылып же 72,7 % түздү. Негизинен республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылуучу иш-чаралар аткарылбай калды. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иш-чаралардын суммасы 10884,6 миң сом болуп, 97% түздү. Ошону менен бирге 2019-жылда аткарылбай калган төмөнкү иш-чаралардын кээ бирлери 2020-жылдын өнүгүү планына сунушталды:

1.    Додосьян жана Салам Бава кочолорун байланыштырган тепкичтерин жана Манас Ата көчөсүндө тарых музейинин артындагы бетондорду реконструкция кылуу.

2.    Чимген айылында жөө адамдар өтүүчү мост куруу.

3.    Т.Жапаров атындагы орто мектебинин имаратына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү. (азыркы күндө башталган)

4.    Алма бак участкасындагы скважинаны калыбына келтирүү.

5.    Эконфонд тарабынан "Лейлек-Тазалык" муниципалдык ишканасына трактор алуу 2020-жылы аткарылат

 

20 “өсүү түйүндөрү” шаарлардын өнүгүүсү боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча Исфана шаарында 25 өндүрүштүк, жалпы суммасы 384,6 млн сомдук долбоорлор иштелип чыгып, мамлекеттик колдоого алууга конкурстук комиссияга каржылоого сунушталган. Долбоорлор негизинен өнөр-жай продукцияларын чыгаруу ишканалары, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү, логистикалык борборлорду түзүүгө багытталган. Исфана шаарынын социалдык экономикалык өнүгүү программасына ылайык беш долбоор жактырылып, шаардын 5 жеке ишкерине ири суммадагы насыя берүү жагы чечилди.

Өндүрүштүк ишканаларды курууга Исфана шаар мэриясы тарабынан 35,4 га жерди трансформациялоого жана ген пландын негизинде иш жүргүзүлүүдө.

“Санариптештирүү” боюнча Исфана шаар мэриясынын веб-сайтын иштетүү эң алгылыктуу жумуш болуп эсептелет. Ошондуктан сайт үчүн isfanacity.kg домени жана хостинг кызматтары сатып алынды. Бүгүнкү күндө веб-сайт толугу менен иштеп жатат. Ошону менен бирге “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун “Толеранттуулук жана демократия элчилери” долбоорунун алкагында веб-сайт менен бирге “карта возможностей” мобилдик программасы элдерге массалык түрдө колдонуу үчүн ишке берилди.

Мындан сырткары мэриянын имаратындагы интернет линиялары жаңыланып, Оптикалык линиялары орнотулду.

 

Тартылган инвестициялар боюнча:

2019-жыл ичинде Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагына республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдар, донорлордун эсебинен 22 иш-чарага тартылган сырткы инвестициянын жалпы көлөмү 168818,7 миң сомду түздү. Алардын ичинен көрүнүктүү жумуштар төмөнкүлөр:

1.    Прокуратура кызматкерлерине кызматтык үйдүн курулушу – 8076,903 миң сом.

2.    №48 кесиптик лицейдин имаратынын бүткөрүлүшү – 34,0 млн сом.

3.    Жолдорду асфальттоо жумуштары (3 жерде) – 13480,0 миң сом.

4.    Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылган жумуштар – 30,0 млн сом.

5.    Жайыт комитетине трактор алынды, АРИС тарабынан – 1265,5 миң сом.

6.    Исфана аэропортун реконструкция кылууга – 21,0 млн сом.

7.    КААБунун имаратынын курулушу – 803,2 миң сом (мэриянын салымы 441,2 миң сом).

8.    Кара-Таш айылына ФАП куруу – 7,0 млн сом.

9.    Аймактык ооруканага жаңы төрөт бөлүмүнүн имаратынын курулушу – 30,0 млн сом.

10. Шаардын башкы планынын бүткөрүлүшү – 5,0 млн сом.

 

Мындан сырткары 2019-жыл ичинде шаардын аймагында ишкерлер тарабынан 26 жаңы ишкана ишке берилип, 90дон ашуун жумуш орундары түзүлдү. Жана шаарга болгон ички инвестициянын көлөмү 66,0 млн сомдон ашты. Түзүлгөн ири ишканалар төмөнкүлөр:

1.  "Кутчу Даана" айыл чарба кооперативи тарабынан минералдык сууларды чыгаруучу

 жалпы суммасы 5,2 млн сомдук ишкана түзүлдү.

2.  Жеке ишкер С.Шарипов тарабынан Исфана шаарынын Кошмуратов көчөсүндө азык-

 түлүктөрүн сатуучу соода борбор курулду. Жалпы суммасы 4,5 млн сомду түзгөн.

3.  Жеке ишкер Х.Нажимидинова тарабынан "Лейлек Бренд" соода борбору курулуп, ишке берилди. Жалпы суммасы 7,0 млн сомду түзөт.

4. 150 орундуу "Виннипух" бала бакчасы ишке берилди. Жалпы суммасы 15,0 млн сомду түзөт.

5. "Илим-Заман" ЖЧКсы тарабынан 100 орундуу “Балажын” бала бакчасы ишке берилди.

 Жалпы суммасы 12,0 млн сомду түзөт.

6.    Жеке ишкер У.Одилхужаев тарабынан үн чыгаруучу кичи завод ишке берилди, суммасы 4,5 млн сомду түзгөн.

7.    Жеке ишкер И.Джураев тарабынан коомдук тамактануучу жай ишке берилген, суммасы 3,5 млн сомду түзгөн.

8.    Жеке ишкер М.Саттаров тарабынан “Беко-2” соода борбору ишке түшүп, суммасы 3,0 млн сомду түзгөн.

9.    “МТС-Самат” айыл чарба коммерциялык кооперативи ишке берилип, суммасы 4,0 млн сомду түзгөн.

 

                                                    Социалдык тармак боюнча:  

 

     Исфана шаарынын 2019-жылга карата өнүгүү программасында 14 иш-чара же б.а. 37 % социалдык багыттагы иш-чаралар камтылган.

                 Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча 2019-жылга төмөнкү обьекттер каржыланды:

1.    Кара-Таш айылына ФАП куруу – 6,969,690 сом, подрядчы “Араван Ремстрой” ЖЧК, курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

2.    Т.Жапаров атындагы орто мектепти капиталдык оңдоо – 4,476,283 сом, подрядчы “Ал-Амал” ЖЧК, ремонт иштери 2020-жылдын январь айында башталды.

3.    Ю.Гагарин атындагы орто мектепти капиталдык оңдоо – 3,248,100 сомдук бүткөрүлбөй калган жумуш аткарылууда. Тактап айтканда мектептин сырткы фасадында ремонт иштери жүргүзүлдү.

4.    К.Казыев атындагы орто мектебинин жаңы имаратын куруу – “Араб өнүктүрүү фондунун” эсебинен курулушу башталды. Подрядчы “Илек Строй Групп” ЖЧК. Жалпы суммасы 65,0 млн сом болуп, 2019-жылга 5,0 сомдон ашуун каражатка жумуш аткарылды

5.    Үлүштүк гранттардын эсебинен жалпы суммасы 3441,928 сом болгон “№1 Гимназия интернатына чарбалык имараттарды куруу жана мектептин аймагын абаттоо” долбоору боюнча курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Анын ичинде шаар мэриясынын салымы 1656,1 миң сомду түзөт.

 

Эл аралык уюмдар менен иштөө жана билим берүү тармагына инвестиция тартуу боюнча шаарга караштуу 3 мектеп Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк долбооруна сунушталып, Мектеп ашканаларын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлор жактырылган.

-          Ысык-Көл орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана азык-түлүк үчүн кампа курууга 380920 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, “Мерсико” тарабынан 307381 сомдук ашкана жабдуулары берилди. Ошону менен бирге ушул долбоордун алкагында ашкананын айнек жана эшиктерин алмаштыруу үчүн 24000 сом жана мектетеги электр энергиясын пайдалануу 3 фазага өткөндүктөн, линияларын иреттеп жаңы линия тартуу жана электр жабдуулары үчүн 47950 сом жумшалды. Ошентип Ысык-Көл орто мектебин ысык тамакка өткөрүү долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 452870 сомдук жумуш аткарылды.

-          Тайлан орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана мини скважина курууга 399975 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, “Мерсико” тарабынан 198073 сомдук ашкана жабдуулары берилди.

-          Т.Жапаров атындагы орто мектебине долбоордун “Колдордуу жуу” компоненти боюнча кол жуугучтарды жана башка жабдууларды орнотуу жана суу менен камсыздоого 99552 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, бүткөрүлдү.

-          Жогорудагы 3 мектепке жаңы окуу жылына “Мерсико” тарабынан азык-түлүктөр берилди.

 

Билим берүү мекемелериндеги ремонт, курулуш жана материалдык базаны түптөө иштери боюнча:

-           “Жасмин” балдар бакчасына кошумча корпус куруу боюнча 1100,301 сом бөлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлдү. Имараттын ички, тышкы жасалга (отделка) иштери, тамбур куруу, секиче жана пандус ата-энелердин фондунун эсебинен бүткөрүлдү. 2020-жылдын 1-кварталында эмеректер менен камсыздоо маселесин чечүү боюнча аракеттер көрүлүп, бакчага кошумча 50 бала тарбиялоого алынат.

-          Тайлан орто мектебинин теннис ойноочу канасынын курулушуна жана полуна жалпы 21600 сомдук курулуш материалдары алынып берилди.

-          Тайлан орто мектебине 19485 сомго компьютер, Токтогул атындагы орто мектебине 27485 сомго компьютер жана принтер, “Алтын-таажы” балдар бакчасына 47155 сомго компьютер, принтер жана телевизор алынып берилди.

-          “Барчын” балдар бакчасына 126600 сомдук, “Наристе” балдар бакчасына 135500 сомдук жана №4 Гимназия интернатына 84000 сомдук эмеректер алынып берилди.

-          “Ынтымак” балдар бакчасына 62200 сомго жогорку кубаттуулуктагы 4 камфоркалуу плита, “Келечек” балдар бакчасына 45000 сомго 12 кг.дык кир жуучу машине алынып берилди.

-          Т.Жапаров атындагы орто мектебине 50 даана люмен лампалар 6500 сомго, Беш-Бала башталгыч мектебине 10850 сомго ашканага идиштер жана холодилниги оңдоттуруп берилди. Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектепке 19900 сомго видеобайкоо орнотууга тендер өткөрүлүп, орнотулуп берилди.

-          Ысык-Көл орто мектебинде 148169 сом жумшалып эки окуу корпусун ортосуна жеңил типтеги навес курулду.

-          Амир Темур атындагы орто метебинин автобекет тарабын тосуу үчүн 35745 сомго курулуш материалдары алынып берилип, мектеп жамааты тарабынан тосмосу курулду.

-          А.Навои атындагы орто жана Беш-Бала башталгыч мектебине ички тротуар курууга 88710 сом бөлүнүп берилип, тротуарлары бүткөрүлдү.

-          Бала бакчалардын ремонту жана керектуу жабдуулары боюнча: Арча-Бешик балдар бакчасына 41910 сом, Жеткинчек балдар бакчасына 45985 сом, Агартуу балдар бакчасына 13300 сом, Ак-Шоола балдар бакчасына 4860 сом болунуп берилди Наристе балдар бакчасынын ички электр линиялары жана туйундору кооптуу абалда болуп, мамлекеттик экотех инспекциясынын актысын негизинде бакчанын ички электр линиялары жаныланды жана 130642 сом каражат жумшалды.

-          Мындан сырткары бакчанын канализация системасы эскилиги жеткендиктен пайдаланууга мумкун болбой калуунун алды алынып кээ бир тетиктери алмаштырылды жана кун батыш тарабындагы ички тутуктору толук алмаштырылды. Бул жумуштарга 97825 сом каражат жумшалды.2019-жылда шаарга караштуу 15 мектеп жана 12 бала бакчалары үчүн жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй сумма жумшалган: ичимдик суусуна- 624000 сом, жылытуу үчүн көмүр сатып алууга- 4871,856 миң сом, электр энергиясына 2854,113 миң сом, таштандыларды чыгарууга- 63278 сом, санитардык жактан тейлөө үчүн – 92500 сом, балдар бакчаларынын тамак-ашына 1003,274 миң сом, интернет байланышы үчүн 70000 сом.

     Мындан сырткары билим берүү мекемелериндеги курулуш, оңдоп-түздөө иштерине жана ар түрдүү курулуш жана чарбалык материалдары, технологиялык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоого жалпы 6555,490 мин сом жумшалган. Ошентип, бюджеттен жалпысынан- 16134,5 миң сом мектептер жана балдар бакчалары үчүн бөлүнгөн. Бул болсо шаардын жалпы бюджетинин 25,1 % түзөт.

                 Кышка карата даярдыктарды көрүү боюнча:

Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2019-2020- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча 2019-жылдын 4-апрелинде Исфана шаар мэриясынын №75 буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген. Жогоруда аталган буйруктун негизинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнө билим берүү мекемелеринин директорлорунан заявкалар топтолуп, ар бир социалдык меке мелер боюнча көмүрдүн эсеби такталды. Билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн сатып алууларга конкурс өткөрүү боюнча шаар мэриясынын буйругун негизинде комиссия курамы түзүлгөн. Конкурс мамлекеттик сатып алуулар интернет-порталына жарыяланып, 2019-жылдын 3-июлунда конкурска жарыя берилген. Жалпы суммасы 4,946,134 сом. 2019-жылдын 24-июлунда өткөрүлгөн конкурска 3 көмүр өндүрүүчү ишкана катышкан. Алар “Нур”, “Таш-Короо” жана “Билал Кара-Суу” ЖЧК. Конкурстун жыйынтыгында “Нур” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Конкурстун негизинде

-          БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы 6100 сомдон,

-          БР маркасындагы – 4500 сомдон жана

-          БСШ маркасындагы көмүрдүн баасы 1 тоннасы 2200 сомду түзгөн.

Бардыгы болуп 4761,632 мин сомго 1082,02 тонна көмүр сатып алууга келишим түзүлгөн. Анын ичинде:

-          БК маркасындагы көмүр 302,42 тон,

-          БР маркасындагы көмүр 522,5 тон,

-          БСШ маркасындагы көмүр 257,1 тоннаны түзөт.

Көмүр ташуу боюнча 2020-жылдын 10-январына карата бардык ташылган көмүр 842,98 тонна болуп, камсыздоо 77,5% түздү.

     Мындан сырткары кышка карата даярдык жана билим беруу мекемелериндеги жылытуу маселелерин жакшыртуу боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

Бардык мектептер жана балдар бакчаларынын электр жабдууларын электро техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн 81913 сом бөлүнүп берилди.

-          Кышка даярдык боюнча мектептер жана балдар бакчаларына керектүү тетиктери жана материалдары менен камсыздоо үчүн (буржуйка, труба, чыканак, клеёнка, насос ж.б.) тендерге жарыя берилип 129326 сомго 10 мектеп жана 6 балдар бакчасына керектүү материалдар алынып берилген.

-          А.Навои жана Амир Темур атындагы орто мектептеринин кателдорун ондоо учун 81590 сомго керектуу тетиктери алынып берилип ондолду.

-          Наристе балдар бакчасына 17740 сомго кышка материалы жана эски колдо жасалган кателу жараксыз абалда болгондуктан 29827 сом болунуп бакчага кател орнотулду.

-          Исфана жана Ысык-Кол орто мектептеринин кателдоруна 69500 сомго насос алынып берилди жана Ысык-Кол орто мектебинде насосту орнотуу учун 13990 сом жумшалды. Ал эми Исфана орто мектебиндеги эски чугун кателду ондоо учун 28248 сом жумшалды.

-          Исфана орто мектебинде 2018-жылы алынган бир гана кател иштеп кубаттуулугу жетпегендиктен жылытууну толук кандуу камсыздоо учун 352330 сомго жаңы кател меши комплект жабдыктары менен орнотулду.

-          Беш-Бала башталгыч мектебине 123350 сом каражат болунуп жылытуу системасы толук реконструкция кылынып кател окуу корпусунан сыртка чыгарылды жана кичи имарат курулду.

-          №4 Гимназия мектебине 68945 сом каражат болунуп кател комплект жабдыктары менен орнотулду.

-          Тайлан орто мектебине 349378 сом каражат болунуп мектептин спорттук залына жылытуу системасы курулду жана эски окуу корпусундагы система ремонттолду. Ошону менен бирге кател учун имарат курулду.

-          Ак-Булак орто мектебине 393870 сом каражат болунуп мектептин эки окуу корпусуна тен жылытуу системасы жана кател учун имарат курулду.

-          Ак-Булак айылындагы ФАПтын кателу жараксыз болгондуктан 30000 сомго жаны кател алынып орнотуп берилди.

 

     Жол чыгымдарын төлөп берүү:

- Окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын катышуучусу Токтогул атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусуна 3000 сом, ал эми грем-рик күрөшү боюнча республикалык спартакиаданын катышуучусу Т.Жапаров атындагы орто мектебинин окуучусуна 3000 сом, илим-техника жана ойлоп табуу кароо-сынагына барган №4 Гимназия мектебинин 2 окуучусуна 6000 сом акча каражаты төлөнүп берилди.

- Облустук олимпиадага катышуучу Ю.Гагарин, К.Казыев, Токтогул атындагы жана №1 Гимназия, №4 Гимназия окуучуларына, жалпы 11 окуучуга 7700 сом акча төлөнүп берилди.

- Облустук спартакиадага катышкан Исфана шаарына караштуу Исфана, А.Навои, К.Казыев, Ысык-Көл, Ю.Гагарин, №4 Гимназия интернаты, Т.Жапаров атындагы орто мектептеринин окуучуларына жалпы 43 окуучуга 30750 сомдук жол акысы төлөнүп берилди.

- Т.Жапаров атындагы орто мектебинин окуучуларын “Жол коопсуздугунун жаш инспектору” аттуу облустук конкурска барып келүүсү үчүн 6000 сом төлөнүп берилди.

- Өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн эл аралык мелдешке катышкан Т.Жапаров атындагы орто мектеби жана Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектебинин 3 окуучуларына 6600 (алты миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

- Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн “Ден-Соолук” спартакиадасына шаар мэриясынын атынан барган командага 15000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү.

- Кулунду айыл окмотундо комуз кунуно карата откорулгон ишөчарага окуучулардын барып келуусу учун 3000 сом болунуп, унаа камсыздап берилди.

- Республикалык “Тамашоу” мелдешине катышкан командага барып келуусу учун 10000 сом каражат болунуп берилди.

 

Маданият тармагында өткөрүлгөн иш-чаралар төмөнкүлөр:

-            23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Эр жигит” кароо сынагы өткөрүлүп, 3000 сом каражат жумшалды.

-            8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында шаар боюнча 1-жолу «Исфана периси – 2019» кароо-сынагы өткөрүлүп, 18000 сом акча каражаты жумшалды.

-              21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара борбордук стадиондо кең көлөмдө өткөрүлдү. Шаар боюнча бардык 14 АӨӨБК катышып, кол өнөрчүлөрдүн жана тамак-аш көргөзмөсү мелдештери өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 60000 сом акча каражаты сарпталды. Орун алган командаларга шаар мэриясы тарабынан 32900 сом акчалай сыйлыктары берилди.

-              2018-жылдын 17-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Курбаналы Сабыровдун туулган күнүнө арналган “Лейлек поэзия күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Исфана шаарынын мэринин резервдик фондунун эсебинен 15000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

-            Айылдык китепканаларга балдар жана жаштар үчүн 45900 сомго 133 даана жаңы китептер бюджеттин эсебинен камсыздап берилди

-              Чимген айылдык маданият үйүнө 308080 сом болунуп, 1-кабатында ремонт иштери жүргүзүлдү, пол жасалды жана жарыктандыруу жаңыланды. Ошону менен бирге сахнаны жасалгалоо жана терезелерге парда илүү үчүн 17573 сом бөлүнүп берилип, ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлдү.

 

                

Саламаттык сактоо тармагында.

Бул багытта 2019-жылдын апрель айында Үй-бүлөлүк медицина борбору (ЦСМ), райондук санэпид көзөмөл борбору, медицина кызматкерлери, социалдык педагогдор, дин кызматкерлери, балдар бакчаларынын башчылары жана айыл башчылары менен тегерек стол өткөрүлдү. Түздөн-түз балдар менен иштөөчү мекемелер - мектептер жана бала бакчаларда, жер-жерлерде айыл башчылары тарабынан ата-энелердин жалпы чогулуштарын өтүп балдарды эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери каралды. Ошондой эле август айында - Исфана, Амир-Темур, Ысык-Көл, А.Навои атындагы орто мектептеринде энелер жана кыз-келиндер үчүн ҮБДБ дарыгерлери менен бирге “Энеликти жана балалыкты коргоо” темасында жолугушуу өткөрүлдү. Балдардын туура тамактануусу жана балдардын, энелердин аз кандуулугун алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди

 

Жаштар менен иштөө боюнча. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан республика боюнча 18 шаардын арасында жарыяланган “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын алкагында жыл ичинде балдар жана жаштар үчүн тренинг, жолугушуу, конкурс, акция сыяктуу 30 дан ашуун иш-чаралар откорулду.

                 2019-жылга карата Исфана шаарынын калкынын саны 31613 киши болсо анын ичинен балдардын жана жаштардын жалпы саны 19500 бала болуп, жалпы калктын 61,7% түзөт. Исфана шаарында ички миграция күчөп, жаштардын саны көбөйгөндүгү байкалган. Ошондой эле шаар аймагында №48 кесиптик лицейи жана Академия атайын орто окуу жайы, турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн “Акчыйыр” мектеп-интернаты жайгашып, башка айыл аймактардан жаштар келип билим алууда.

Исфана шаарында жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча 2019-жыл ичинде жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү үч негизги укуктук акт кабыл алынды. Алар:

1. 2019-жылдын 3-майындагы Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Исфана жаштар борборунун түзүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №3- токтому менен муниципалдык жаштар борборунун жобосу бекитилди.

2. 2019-жылдын 9-августундагы Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Исфана шаар мэриясынын 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №4- токтому менен Стратегия бекитилди.

3. Исфана шаар мэриясынын 2019-жылдын 23-сентябрындагы №118 буйругунун негизинде Жаштар борборунун имаратын куруу үчүн 72 чарчы метр жер тилкеси ажыратылып берилди. Ал жерге жакынкы аралыкта Жапон элчилигинин колдоосу менен ПРООНдун долбоорунун алкагында жаштар борборунун имараты курулат. Ошондой эле ПРООНдун колдоосу астында жаштар борборуна жалпы баасы 5091,56$ болгон компьютердик жабдуулар, 3в1 принтер, проектор, экран, камера алынып келинди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын турмушка ашыруу максатында жана жаштар тарабынан демилгеленген “Жамааттарда өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүү” долбоору “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен бирге ишке ашырылып Исфана шаар мэриясынын жана шаардык кеңештин расмий сайты www.isfanacity.kg ошону менен бирге “мумкунчулуктор картасы” боюнча иштеген “Isfana Online” мобилдик тиркемеси ишке берилди. Анын үчүн жергиликтүү бюджеттен 138,3 миң сом, ал эми фонд тарабынан 165,0 миң сом каражат берилди. Ушул иш-чаранын алкагында Исфана шаар мэриясындагы интернет байланышы оптикалык байланыш түтүктөрүнө алмаштырылды.

Интернет сайтта жаштар үчүн өзүнчө блок ачылып, ал жерде жаштарга кызыктту маалыматтар жана жарыялар берилет.

“Isfana Online” мобилдик тиркемесинда шаардын бардык жарандары жер-жердеги көйгөйлөр боюнча шаар мэриясына кайрылуу жөнөтө алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөп, кайрылууга жооп алат.

Мындан сырткары жаштардын арасында Google формада Исфана шаардык мэрия менен балдар жана жаштар ортосундагы коммуникацияны бекемдоо максатында балдар жана жаштар арасында анкета сурамжылоосу өткөрүлдү. Сурамжылоодо 256 бала катышты. Ал сурамжылоодо мэрия корсотуп жаткан кызматтар боюнча суроолор болду. Ошону менен бирге шаарды өнүктүрүү боюнча жаштардын сунуштары да сурамжылоо аркылуу алынууда.

Социалдык тармактар боюнча Фейсбукта Исфана шаар мэриясынын, ал эми Инстаграмда Исфана жаштар борборунун баракчалары ачылган.

Жаштар жана окуучулар арасындагы 11-октябрь Эл аралык кыздар күнү, 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү, 5-декабрь Волонтерлердун күнүнө карата “Китепкөй”, “Акылман”, “Сурамжылоо” сыяктуу конкурстар жана акцияларды, ошону менен бирге волейбол, баскетбол, кичи футбол, шахмат жана тогуз-коргоол боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 154800 сом болунуп берилди.

 

                

Социалдык жактан коргоо боюнча:

 

-              15-февраль Ооган согушунун ардагерлеринин 30 жылдыгына карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 16 интернационалист-ардагер жоокерлерине 30020сом Лейлек райондук бөлүмүндөгү атайын эсептик счётуна которулуп берилди.

-              26-апрель ЧАЭСнын эскерүү күнүнө карата 10000сом которулуп берилди.

-              Улуу Ата Мекендик согуштун Женишинин 74 жылдыгына карата согуштун ардагерлери 1(катышуучусуна) 15000сом, 34 тылда эмгектенгендердин ар бирине 1500сомдон 51000 сом жалпы 69300 сом Кыргыз Почтасынын Лейлек райондук филиалына которулуп берилди.

-              Энелер күнүнө белек берүү үчүн 121000сом тендер аркылуу акча каражат которулуп берилди.

-              1-июнь балдарды коргоо күнүн өткөрүү үчүн 9 тоголок жетим балдарга 5000сомдон жалпы 45000сом акча ар бир баланын счётуна которулуп берилди. “Исфана – балалыктын шаары” аттуу майрамдык кече уюштуруу үчүн 63630сом каражат тендер аркылуу бөлүнүп жумшалды. Ошондой эле тоголок жана жарым жетим балдарга жайкы эс алуу лагерине 14 балага 62385 сом акча каражаты которулуп берилди.

-              3-декабрь эл аралык майыптар күнүнө карата шаардын аймагында жашаган 240 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар бирине 470 сомдук белек даярдалып берилген бардыгы болуп 112800 сом жумшалган

-              Жакыр уй бүлөлөргө материалдык жардам жалпы суммасы 406927сом, Онкология менен ооругандарга 239983 сом акча каражат жардам берилди.

-              Исфана шаар мэринин жаны жыл балаты майрамына карата Исфана шаар аймагында жашаган тоголок жана жарым жетим, турмуш шарты оор үй-бүлөдөгү балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпысынан 42 окуучуга 20000 сомдук белек берилген.

-              2019-2020-жж кыш мезгилине Улуу Ата мекендик согушунун ардагери, жалгыз бой карыялар, турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөр бардыгы болуп 127 үй-бүлөгө 56 тон 386400 сомдук комүр таркатылып берилген.

-              Исфана шаар мэриясы тарабынан 2019-жыл ичинде 2721 статьясынан 1697,400 сом акча каражат жумшалды.

 

 Айыл чарба тармагы боюнча:

 

2019 -жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара жерлердин акысы 690 000 сомду түзөт, 2019- жылдын 31-декабрына жалпысынан ижара акы 772,9 миң сом өндүрүлүп алынды.Бул көрсөткүч 112,0 пайызды түзөт.

 

к/н №

Салык түрү

План

12ай 2018ж

Факт

12 ай 2018ж

План

12 ай 2019ж

Факт

12 ай 2019ж

Айырма+/-

 

сумма

1

ижара МКБФ

690 000

692 900

690 000

772 900

82 900

112,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

жыйынтыгы

690 000

692 900

690 000

772 900

82 900

112,0