Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 18

 Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Баткен шаарынын тургуну Тажиев Анаркулдун  өз арызынын  негизинде  Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 23.05.2003-жылы №6-171 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тажиев Анаркулга Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 23.05.2003-жылы № 6-171 сандуу токтому менен 1-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна  кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Айдаров