Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 20

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадиманов Курбанбек Мавлянович Кызыл-Бел айылындагы 8-01-09-1002-0790 идентификациялык кодундагы көп жылдан бери пайдалангандыгын эске алып 0,15 га жер аянттын жеке менчик турак-жай куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Шадиманов Курбанбек Мавлянович Кызыл-Бел айылындагы көп жылдан бери пайдаланып келе жаткан 0,15 га жер аянттын жеке менчик турак-жай куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Айдаров