Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 21

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кызыл-Бел айылынын тургуну Исоев Рашид Амонбоевичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айылдык кенеши тарабынан 12.04.1994-жылы №16 сандуу токтому менен 84-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исоев Рашид Амонбоевичке Кара-Бак айылдык кенешинин 12.04.1994-жылы № 16 сандуу токтому менен 84-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Айдаров