Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 22

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын түштүк тарабындагы 0,80 га жер аянтын короо куруу максатында   Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын түштүк тарабындагы 0,80 га жер аянтын короо куруу максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Айдаров