Редакцияот 13.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2020-жылдын 13-марты №30/4

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында “Исфайрам” муниципалдык ишканасын  уюштуруу боюнча макулдук берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында “Исфайрам” муниципалдык ишканасын уюштурууга макулдук берилсин.

2.    “Исфайрам” муниципалдык ишканасынын Уставы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

3.    Токтомдун аткарылышы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

А.Масалиев айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Абдурахманов