Редакцияот 24.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

 

2020-жылдын 24-февралы №2

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары А.Марипов  жана С.Айжигитовдорду Баткен районунун “Ардактуу атуулу “ наамын ыйгарууга сунуш кылуу жөнүндө

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Асланованын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн тургундары М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунун дарыгери Марипов Абдрашит Маматисакович жана коомдук ишмер  Айжигитов Султанбай Абдрашитовичтерди Баткен районунун “Ардактуу атуулу “ наамына сунушталсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

И.Тилеков