Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXV сессиясы

 

2020-жылдын 21-февралы № 120

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн  аткарган иштери  жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн  башчысы С.Калакуловдун аткарган иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн  5-6-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн  башчысы С.Калакуловдун 2019-жылга  аткарган иштери  канааттандырарлык деп эсептелсин

2.    Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн  башчысы С.Калакуловго төмөнкүлөр милдеттендирилсин

-          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8- октябрындагы №608 токтому менен Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчик бөлүмүнө өткөрүүп берилген  муниципалдык мүлктөрдүн реестрин толугу менен бүтүрүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү

-          Ижарага берилген жер тилкелеринин ижара акысын төлөбөгөн мекеме ишканалар боюнча  мыйзам чегинде чараларды көрүү

-          Кольцо станциясынын жеринин  башкы планын жана инвентаризациясын бүтүрүү боюнча иш жүргүзүү

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана  Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн  башчысы С.Калакуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык  кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага

 

К. Исмаилов